МБАНК аркылуу унаанын техникалык кароодон өткөндүгүн текшериңиз

Эми МБАНК аркылуу «Техникалык кароодон өткөндүгүн текшерүү» сервисинде сиз өзүңүздүн жеке унааңызды гана эмес, башка каалаган унааңызды да техникалык кароодон өткөндүгүн текшере аласыз.

Сиз MBANK тиркемесинде унаанын техникалык кароодон өткөндүгүн жана анын жарактуу мөөнөтүн толук акысыз текшере аласыз.

Ал кандай иштейт?

MBANK’ты ачып, «Кызматтар» бөлүмүнө өтүңүз;
Андан соң «Мамлекеттик кызматтар» баскычын басыңыз;
«Автоунаа» кызматына өтүңүз;
«Техникалык кароону текшерүүнү» тандаңыз — бул жерден сиз унааңыздын техникалык кароодон өткөндүгүн текшере аласыз. Даяр!

Убактыңызды үнөмдөңүз, MBANK аркылуу каалаган унаа тууралуу толук маалымат алыңыз!

MBANK — Биринчи санарип!

Жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн чарбалык ишмердүүлүктө пайдаланылган транспорт каражаттары жана атайын жана адистештирилген транспорт каражаттары техникалык кароодон өткөрүлөт.

1 Октябрь 2023 жыл 13:06
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча