Москвадагы кыргыздарга “смотрящий” болгон жаран кармалып, алынып келинди

10-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Москва шаарында Кыргызстандын жараны М.М. кармалганын билдирди. Ал мурда оор кылмышка шектелип, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары издөөдө жүргөн.

ИИМдин расмий маалыматына ылайык, кармалган жаран Москва жана Москва облусундагы кыргыз жамааттары арасында “смотрящий” деп таанылып, кылмыш дүйнөсүндө жогорку макамга ээ болгон. Анын кылмыштуу иштерге катыштыгы тууралуу оперативдик маалыматтар негизинде ИИМдин жана Орусиянын ИИМ кызматкерлери менен биргелешкен ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, М.М. 10-июнда кармалган.

Учурда ал аба транспорту аркылуу Бишкекке этап менен жеткирилип, эл аралык эрежелерге ылайык тиешелүү тергөө иштери уланууда.

Коомдук реакция да ар түрдүү болду. Блогер Пери Орозбекова @peri_orozbekova өзүнүн социалдык тармактагы билдирүүсүндө мындай деди:

“Атамбаев кое берип жиберген Батукаев тынч жатпай, дагы бир “вор в законе” чыгарайын деген экен, максаты ишке ашкан жок. Мирлан Макаиловду ИИМ Кыргызстанга алып келди, браво! Садыр Жапаровдун криминалга каршы күрөшү мурдагы бийликтер калтырган кесепеттерге карабай үзгүлтүксүз уланууда!”

Бул окуя — Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн күч алып жатканын дагы бир жолу көрсөттү.

14 Июнь 2025 жыл 12:00
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча