Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн, 21-ноябрда «Кумтөр голд компани» ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн ишин карап, жыйынтыгында ага 800 миң сом айып салды жана банк эсептерин камактан чыгарууну чечим кылды. Сот чечимине ылайык, Тенгиз Бөлтүрүк Башкы прокуратуранын эсебине которгон 10 млн сом «Кумтөр» ишканасына кайтарылат.
Жараян учурунда Тенгиз Бөлтүрүк сотко кайрылып, бир жылдан бери эч жерде иштебей, тергөө абагында, андан кийин ооруканада жатканын белгилеп, үй-бүлөсүн багуу үчүн мурда сот тарабынан камакка алынган мүлкүн бошотууну сурады.
Башкы прокуратура былтыр “Кумтөр” ишканасындагы коррупциялык иштерден бюджетке 1 млрд 146 млн сом зыян келтирилгенин кабарлап, компаниянын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктү, жабдуу боюнча мурдагы адиси Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиеваны, каржы башкармалыгынын ошол кездеги директору Рыспек Токтогуловду, ишкананын мурдагы аткаруучу директору Канат Курмановду кармаган.
Мекеме май айында 844 млн 512 миң 858 сом Тенгиз Бөлтүрүк жана аны менен бирге кармалган айыпкерлерден өндүрүлүп, мамлекеттин казынасына кайтарылганын билдирген. Бирок ким канча каражат төккөнү ачыкталган эмес.