«Түндүктө» глобалдык өзгөрүүлөр болот: Министр тиркеме толук жаңыланарын убадалады

Кыргыз Улуттук Кабар агенттигинин редакциясына берген маегинде, Санарип өнүктүрүү министрлигинин башчысы Азамат Жамангулов «Түндүк» мобилдик тиркемеси жакын арада чоң өзгөрүүлөрдү башынан өткөрөрүн билдирди. Анын айтымында, тиркемени толук дизайн жана архитектурасын өзгөртүү, ошондой эле көптөгөн жаңы функцияларды кошуу пландалууда.

«Биз колдонуучулар үчүн ыңгайлуу, заманбап жана туруктуу интерфейс түзүүнү максат кылабыз. Жаңыланган версияда жаңы финансы кызматтары, ошондой эле мамлекеттик кызматтарга мобилдик тиркеме аркылуу жетүүгө мүмкүнчүлүк болот. Колдонуучулар күнүмдүк милдеттерин гана эмес, санариптик документтерди алып, мамлекеттик органдар менен иштешүүгө мүмкүнчүлүк алышат», — деди Азамат Жамангулов.

Мындан тышкары, министр тиркемеге жаңы санариптик документтер, мисалы, аттестаттар, дипломдор, аскер билеттери жана башка керектүү документтер кошулары тууралуу айтты. Бул чечим башка мамлекеттик органдар менен биргеликте иштелип чыккан. «Өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу учурунда айрым убактылуу кыйынчылыктар болушу мүмкүн, бирок биз жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн тиркеменин иштешине чоң жылыш алып келерине ишенебиз», — деп кошумчалады ал.

Анын айтымында, өзгөртүүлөр акырындык менен киргизилип, идеалдуу версиясын түзүү үчүн бир жылдан ашык убакыт талап кылынат. Мындан сырткары, министрлик колдонуучулардын күткөн жыйынтыктары ага татыктуу болот деп ишенет.

«Биз иш жүзүндө ушул ишти алдыга жылдыруу үчүн чоң колдоону көрдүк. Жакында, биздин урматтуу президентибиз Садыр Жапаровдун колдоосу менен, «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин IT-блогунун жаңы имараты ачылды, ал эффективдүү иштөө үчүн бардык зарыл шарттар менен жабдылган. Бул мекеме мурдагы «Инфоком» мамлекеттик мекемесинин негизинде түзүлгөн жана Президенттин Иш башкармасына өткөн. Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин аракеттери менен өлкөдө санариптештирүү жана IT-тармагын өнүктүрүү жаатында иш күчөп жатат. Бардык негизги иштеп чыгуулар жана инновациялар, анын ичинде «Түндүк» мобилдик тиркемеси менен байланышкан иш-аракеттер, ушул Кызмат мекемеси тарабынан ишке ашаууда», — деп кошумчалады министр.

Санарип өнүктүрүү министрлиги мобилдик тиркеменин жаңылануусунун ар бир этабы боюнча жарандарга маалымат берүүнү уланта бермекчи.

31 Март 2025 жыл 10:24
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча