Түркияда сот Орхан Инандыны 21 жылга кести

Анкарадагы Жогорку Сот Орхан Инандыга «куралдуу террордук уюмду башкаруу» беренеси менен айып тагып, 21 жылга эркинен ажыратты.

Кыргыз жарандыгын алып, Бишкекте жашап келген Инанды 2021-жылдын 1-июнда жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызматтар аны Анкарага алып барганын айткан. Түркиядагы жактоочусунун айтымында, Инандынын колун Бишкектен уурдоо учурунда сындырышкан, прокуратура аны 22 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуш кылган. Анкаранын прокуратурасы Инандыны «куралдуу террордук уюмду башкарууга» айыптап жатканын «Анадолу» агенттиги кабарлаган.

Инандынын жоголушу боюнча Кыргызстанда милиция Жазык кодексинин 170-беренеси («Адам уурдоо») менен кылмыш ишин козгогон.

16 Июнь 2023 жыл 16:47

Тема боюнча