Ташиев «Женгону» Оштон алып келүүнү тапшырды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев «Женго» каймана аты менен белгилүү Кадыр Досонов криминалдык аракетин улантып жатканын, аны Оштон алып келүү тапшырмасы берилгенин айтты.

«Женго» уюшкан кылмыштуу топтордон кайтканы тууралуу интернетте билдирүү кылганы менен криминалдык аракетин улантып жатат.

УКМК төрагасы өлкөдө мындан ары Көлбаев, Матраимов, Женго дегендер болбой турганын, криминалмын деп чыккандардын баары жок кылынарын айтты.

«Тууган-урукка карабайбыз. Мамлекеттик кызматкерлердин арасында да эң кичинекей байланышы болсо да кетиребиз» , — деди Ташиев.

23 Ноябрь 2023 жыл 14:31
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча