Ажатканадан кыз төрөп, ымыркайды ошол жерге таштап койгон. Кылмыш иш козголду

Лейлек районунда жаңы төрөлгөн ымыркайдын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Баткен ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 29-майында саат 10:59да Лейлек районунун Кулунду айыл аймагына караштуу Максат айылында жашаган 18 жаштагы Т.А. аттуу жаран өз үйүнүн ажатканасында кыз төрөп, ымыркайды ошол жерге таштап койгондугу тууралуу билдирүү түшкөн.

Окуя боюнча Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам-тергөө тобу жана жетекчилик окуя болгон жерге чыгып, териштирүү иштерин жүргүзүштү. Алдын ала маалыматтарга ылайык, ымыркай тирүү төрөлүп, бирок моюн бөлүгүндөгү жаракаттан улам каза болгон болушу мүмкүн экени аныкталган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту («Эненин жаңы төрөлгөн баланы өлтүрүшү») боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери улантылууда.

Шектүү учурда ооруканада дарыланууда жана милициянын кайтаруусунда.

31 Май 2025 жыл 18:48
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча