BIA.kg маалымат агенттиги «Кызмат» мекемесинин директору Урматбек Камбаров менен маек курду. Анда азыркы коомдо актуалдуу болгон суроолорубузга жооп берди.
— Урматбек мырза, «Камсыздандыруу» системасы деген эмне?
— Бул Улуттук камсыздандыруу компаниясы менен биргеликте ишке ашырган жаңы санариптик чечим. Максаты — камсыздандыруу кызматтарын жарандар үчүн ачык, натыйжалуу жана жеткиликтүү кылуу.
— Долбоорду ким иштеп чыкты?
— Бэк-офисти түздөн-түз биздин «Кызмат» мекемесинин командасы иштеп чыкты. Ал эми фронт-офис «Түндүк» тиркемеси аркылуу «Түндүк» ААК тарабынан ишке ашырылды.
— Жарандар үчүн кандай өзгөрүүлөр болот?
— Эми камсыздандыруу полисин санарип форматта, онлайн алып коюуга мүмкүнчүлүк бар. Аны «Түндүк» тиркемеси аркылуу расмийлештирсе болот. Бир полиске төрт айдоочуга чейин көрсөтүүгө шарт түзүлдү. Маалыматтар болсо мамлекеттик G-CLOUD платформасында бирдиктүү базада сакталат. Бул — коопсуздук, ылдамдык жана ыңгайлуулук.
— Азыр кайсы компаниялар туташтырылды?
— «Түндүк» тиркемеси аркылуу ОСАГОнун онлайн-расмийлештирүүсү Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунда жана «УКК» ЖАКта жеткиликтүү. Жакынкы күндөрү «Сакбол» ЖАК да кошулат. Ошондой эле башка камсыздандыруу кызматтарын да онлайн форматка өткөрүү боюнча иштер жүрүп жатат.
— Бул долбоордун өлкө үчүн мааниси эмнеде?
— «Камсыздандыруу» системасы — камсыздандыруу тармагын санариптик трансформациялоонун маанилүү кадамы. Ал жарандарга, камсыздандыруу компанияларына жана мамлекеттик органдарга ыңгайлуулукту, коопсуздукту жана ачыктыкты берет.