Ушул жылдын 25–26-октябрында Bishkek Arena чыныгы спорт аренасына айланат. Бул күндөрү беш титулдук беттеш өтүп, анын ичинде WBA Asia, WBA жана IBF версияларынын курлары ойнотулат. Бул — дүйнөлүк деңгээлде таанылган жана атактуу мушкерлер күч сынашып жүргөн титулдар.
Кыргызстандын атынан рингге 10 кыргыз мушкери чыгат. Алардын катарында WBA Asia куру үчүн ат салыша турган Дилмурад Сатыбалдиев жана «Самат Кыргыз» каймана аты менен белгилүү болгон Самат Абдрахманов бар.
Ошондой эле Абдыжапар уулу Сыргак, Нуржигит Дүйшөбаев, Жеңиш Улпатов, Аскат Култаев, Арген Кадырбеков, Адилет Качкынбеков, Нурсултан Тулекулов жана Бектенов Рыспек да өлкөнүн намысын коргоо үчүн рингге чыгышат.