
Кумтөрдө калдык сактоочу жайды кайра иштетүү боюнча уникалдуу долбоор ишке кирди.
Компаниядан билдиришкендей, Кумтөр кен жайындагы долбоорлордун ишке ашырылышын жана өндүрүш процесстерин инспекциялоонун алкагында, “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов компаниянын өндүрүштүк көрсөткүчтөрүн жогорулатуу үчүн маанилүү болгон калдык сактоочу жайды кайра иштетүү долбоорун ишке ашырууга старт берди.
Кубат Абдраимов белгилегендей, Кумтөр кен жайындагы калдык сактоочу жайды кайра иштетүү долбоору — бул өлкөдө алгачкы ирет ишке ашырылып жаткан өтө татаал жана технологиялык жактан оор процесс.
“Долбоорду иштеп чыгууда бул тармактагы дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу керек. Калдыктарды кайра иштетүү комплексинин курулушу бул долбоордун эң маанилүү компоненти болмокчу. Муну ишке ашырууда өтө кылдат мамиле кылууну, коопсуздукту жана аймактагы экологиялык тең салмактуулукту так сактоо зарыл”, – деди “Кыргызалтындын” башчысы.