Бишкекте көчөнүн аталыштары ката жазылган такталар алынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Муниципалитеттин маалыматы боюнча, алар мэрия тарабынан илинген эмес жана өз билемдик менен орнотулган.
“Көчөнүн аталыштары жазылган такталар “Бишкекбашкыархитектура” мекемеси бекиткен дизайн-коддун талаптарына да жооп бербейт. Учурда райондук администрациялар тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү эскертүүлөр берилип жатат”, — деп айтылат маалыматта.