Кыргыз спортчу кыздар самбо боюнча Азия жана Океания чемпионатында байгелүү орундарды ээлешти

2026-жылдын 24–28-июнь күндөрү Филиппиндин Манила шаарында өспүрүм кыздар, кыз-келиндер жана жаштар арасында самбо боюнча Азия жана Океания чемпионаты өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.

Андагы маалыматка ылайык, «Ак Илбирс» ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп, эки байгелүү орунду багындырышкан.

Мелдештин жыйынтыгында:
• Усон кызы Акак (54 кг) чемпионаттын күмүш байге ээси болду;
• Колушева Анастасия (80 кг) коло медалга ээ болду.

2 Июль 2026 жыл 9:48
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча